Баркталбай унутта калган балерина. “Чолпон” балети анын атынан аталган

14 март 2020 13:20 1188 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы Чолпон Жаманованын небереси Эржан Сулайман таенеси тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Эржан таенесин Чолпон Жаманованы сыймыктануу менен эскерет. Ал таенесинин баскан жолу тууралуу кызыктуу нерселерди ортого салды.

“Учурунда ийгилик жаратып, бирок баркталбай унутта калган кыргыз аялы – менин таенем жана анын эскерүүлөрү тууралуу...

Сүрөттү Бүбүсара Бейшеналиева менен таенем Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чолпон Жаманова.

Мен кичинекей кезимде таенем Кыргызстандын тарыхында расмий айтылбаган окуяларды, анын ичинде балеттеги деги эле ошол учурдагы интеллигенциянын интригаларын айтып берчү.

Үч күйдүлүк, эки жүздүүлү, өчөшкөн атаандаштык, керек болсо ага чыдабай кете бергендер жөнүндө (таенем өз замандаштарына караганда узак жана бактылуу турмушту жашады)...

Өзү үчүн бактылуу болгон көз ирмемдер менен дагы бөлүшчү. Ал жетим болгондуктан Ленинграддагы хореографиялык училищеде окуган. Ал жакта кантип бийлегенин, мугалимдер анын табият берген талантын баалап, макташканын, Сталиндин колунан кантип сыйлык алганын, СССРди чет мамлекетте таанытканын, Индонезиянын президенти аны бийлеп кет деп чакырганын айтып берген эле.

“Чолпон” балети анын атынан аталган

Анын карьерасы жакшы уланып жатканына карабай ал үй-бүлөсү үчүн бардык аракетин жумшап, убактысын ага бөлдү. Таятам аны дайыма колдочу. Алар өмүрүнүн аягына чейин бактылуу турмушта жашашты. Алар жалгыз кызы, менин апамды чоңойтушту.

Таятам фронтко барып келген киши. Кыргызстандын азыркы тарых музейинин негиздөөчүлөрүнүн бири болчу. Ал тарых илимдеринин доктору да болгон. Ошол эле маалда күйүмдүү ата дагы болууга жетишчү. Ал дайыма чынчыл болду.

Таенем дайыма “душмандар ушундай болот, көралбайт. Ичи тардыктан артыңан жаман айтышат. Бирок мунун баары эле кайта кайтып келет да” дечү.

Ал Айтматов тууралуу жана башка белгилүү кишилер тууралуу көп айтчу. Мен кичинекей болгондуктан ага көп деле маани берчү эмесмин.

Анын айткан ар бир сөзү, эскерүүсү менин эсимде, кыз неберелеринин эсинде. Ал неберелерин да көрүп калды.

Ал мага дайыма “Эржанчигим, чооң дипломат болуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытат” дечү.

Таятам менен таенемдин көзү өтүп кеткенине бир нече жыл болсо дагы кээде аларды эстеп, канчалык заманбап болушканына таң калам. Алардын тартиби, үйүндөгү атмосфера, колдонгон идиш-аягы баары эсте. Алар кудум эле келечектен келишкендей эле. Азыр жаман кабыл алынып келген “кыргызчылыктын” бир дагы белгиси жок. (албетте, кечирим сурайм).

Таене, тилекке каршы замана терс жагына ооп бараткандай, ошол кезде айткандарыңыздын баары азыр болуп жатат. Баталарыңызга өмүр бою ыраазымын.

Тарыхтагы татыктуу ордуңузду неберелериңиз, чөбөрөлөрүңүз орнотот!

Таенемдин көзү өткөндө анын уктоочу бөлмөсүндөгү сөөгүнүн жанында туруп, колунан кармап, дуба кылдым”, — деп Эржан эскерүүлөрүн жазды.

Сүрөт Эржан Сулаймандын үй-бүлөлүк архивинен.

Маалымат иретинде

Чолпон Жаманова 12.1.1928-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Совет артискасы.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы.

Ленинграддагы хореографиялык училищеде 1937-1941-жылдары окуган. Фрунзедеги хореографиялык училищени 1947-жылы аяктаган.

1947-жылдан тарта Фрунзе театрынын солисткасы.

Чолпон ("Чолпон" Раухвергера), Подруга ("Анар" Власова и Фере), Мария, Эсмеральда; Генриетта ("Большой вальс" И. Штраустун музыкасына) жана башка партияларда ойногон.

1965-жылы ден соолугуна байланыштуу театрдан кетип, педагог болгон. Ошол жылдан тартып Фрунзе хореографиялык театрында педагог болуп иштей баштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/barktalbaj-unutta-kalgan-balerina-cholpon-baleti-anyn-atynan-atalgan



Добавить комментарий