Балыкчылар легендарлуу “алтын аралдын” казынасын таап алышты

25 октябрь 2021 18:09 747 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Балык кармоочу бригада Индонезиянын Муси дайрасында алтын жана башка казыналарды табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Суматрада табылган казынанын баасы миллион долларды чапчыды жана ал байыркы жок болуп кеткен Шривиджая империясынын тууралуу маалыматты чындыкка жакындатты.

Уламыштарга таянсак, алтын арал деп аталган Суматра аралында бир кездерде сан жеткис байлыкка ээ болгон, алтын кендерге бай цивилизация жашаган экен.

Азыркы Индонезиядагы бул аралдагы Шривиджая империясы 13-кылымда байлыгы жана башка сырлары менен кошо жок болуп кеткен.

Эми Муси суусунда иштеген балыкчылар казына табышты, анын арасында тыйындар, статуялар, баалуу таштар жана башка көптөгөн реликвиялар бар. Археологдор муну жоголуп кеткен цивилизациянын байлыктары деп билдиришүүдө.

“Акыркы беш жылда абдан көп таң калыштуу нерселер табылды, алардын арасында баардык мезгилге таандык тыйындар, будданын алтын айкелдери, баалуу таштар бар”,-деп айтты деңиз археологу доктор Шон Кингсли

Кингсли Шривиджая империясы чыны менен эле реалдуу болгон деп эсептейт.Анын оюнча аталган империя жанар тоо атылгандан кийин же цунамиден соң жок болуп кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/balykchylar-legendarluu-altyn-araldyn-kazynasyn-taap-alyshty



Добавить комментарий