Мексикалык блогердин Кыргызстан тууралуу ролигин 3 миллиондой көрүүчү көрдү

25 октября 2021 17:54 861 Barometr
Поделиться в:
ok

Мексикалык блогердин YouTube каналына жүктөлгөн Кыргызстан жөнүндө видео ролигин үч күндүн ичинде 3 миллион адам көрдү.Бул тууралуу аталган блогердин социалдык баракчасына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Мексикада белгилүү блогер, ютубер Луизито Комуника Кыргызстанга келген. Анын Luisito Comunica деп аталган каналы Мексикада катталуучудардын саны боюнча экинчи орунда турат. Каналга 37,5 миллион колдонуучу жазылган. 

22-октябрда Луизито Комуника өзүнүн каналына “Мен бар экенин билбеген Кыргызстан...” деп аталган видео ролигин жүктөгөн. Аталган видео Бишкекте тартылган. Бүгүн аны 2 миллион 870 миң 285 адам көрдү.

Видеороликте блогер өзүнүн таасирлери тууралуу бөлүшкөн.

Луизито Комуника Instagram баракчасына Бишкектен кийин Кыргызстандын түндүк тарабына кеткени тууралуу жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/meksikalyk-blogerdin-kyrgyzstan-tuuraluu-roligin-3-milliondoj-krch-krd



Добавить комментарий