Японияда учуучу мотоциклдер сатыкка чыкты

28 октябрь 2021 13:04 2598 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Япониянын A.L.I. Technologies стартабы ховербайкты-учуучу мотоцклди сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

XTurismo Limited Edition мотоциклдин дөңгөлөгү жок. Аталган көлүктүн баасы 680 миң доллар турат. Салмагы 300 килограммга жакын жана саатына 100 чакырымга чейин жүрө алат. Ховербайк 40 мүнөттөй учат.

Азырынча аталган мотоцкль япон мыйзамдарына туура келбегендиктен жалпы жоллорго кое берилбейт. Аларды жарыш трассаларына жана уткаруу иштерине колдонуу пландалып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-uchuuchu-motociklder-satykka-chykty



Добавить комментарий