Сот ууруларды соттобой бошотуп, Марк Твендин китептерин окусун деп өкүм чыгарды

28 октябрь 2021 17:29 1591 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Одесса шаарынын Малиновский районунун соту уурулук кылган эки жигитке китеп окуу жазасын берүү тууралуу өкүм чыгарды.Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Себеби жагдай боюнча келтирилген зыян анча деле чоң эмес болгон. Судья Александр Гарскийдин айтымында, эки жигитти бат эле кармашкан.19 жана 20 жаштагы эки жигит айып аянтына токтотулган унаанын мангитоласын чечип кетишкен, алар документтери салынган рюкзагын унутуп калышып уурулук кылган жерге кайра келишкен кезде полициянын колуна түшкөн.

Сот алардын биографиясы менен таанышып чыккандан кийин коомго коркунуч алып келбейт деп чечип, Тарас Шевченко, Марк Твен жана Джек Лондондун китептерин окуп чыгуу боюнча жаза берди.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-uurulardy-sottoboj-boshotup-mark-tvendin-kitepterin-okusun-dep-km-chygardy



Добавить комментарий