Балыкчы шаарын асмандан дрон жана дельтапландар дезинфекциялап жатат – видео, сүрөт

23 апрель 2020 12:30 1285 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Бай дыйкан" айыл чарбаны колдоо долбоору Балыкчыда 22-23-апрель күндөрү шаардын үстүнөн фармайод препараты менен акысыз дезинфекция иштерин жүргүзүштү. Кечээ 22синде эки агро дрон менен базар жана башка эл көп чогулган жерлерди дезинфекцияласа, бүгүн, 23-апрелде дельтаплан менен шаардын үстүнөн чачышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ошондой эле бүгүн дагы агро дрон менен шаардык оорукананын бардык аянты дезинфекцияланды. Кечке дейре башка дагы эл көп барган жерлерге чачылмакчы.

"Бай дыйкан" командасынын жетекчиси Эрлист Акунбеков бул иштер элге бир аз да болсо жардам берүү ниетинде жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ал бардык чыгымдарды өзүлөрү көтөрүшкөнүн жана уюштуруу иштерине шаардык мэриянын кызматкелеринин, күч органдарынын, ӨКБнүн өкүлдөрүнүн жардамы тийгенин белгиледи.

Биринчи вице-мэри Азиз Асаналиев бардык дезинфекция жумуштарына катышты.

Бул дезинфекциялоо иштеринин максаты вирусту алдын-алуу болуп саналат. Бул препарат хлорка эмес, андан дагы кымбат жана күчтүү фармайод дарысы.


Долбоордун жетечиси бул препарат чачылган жерде отуз күн бою вирус болбой тургандыгына ишендирди.

Фармайоддун 1 кг баасы 1100 сомду түзөт. Бул препарат адамдын ден соолугуна, үйдөгү жан-жаныбарларга, бак-шак, өсүмдүктөргө зыяны жок, тескерисинче ооруган бактарды айыктырат деп айтылат маалымматта.

Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-shaaryn-asmandan-dron-zhana-deltaplandar-dezinfekciyalap-zhatat-video-srt



Добавить комментарий