«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун жүрүшүндө III-кылымга таандык коргондар табылды

17 август 2022 14:26 855 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун 70% бүттү. Бул тууралуу  "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, курулуш мамлекеттик каржылоонун эсебинен курулууда.

"Жыл аягына чейин пландалган 5 чакырымдан тышкары, дагы 3 чакырым темир жол куруу пландалууда  

Эң орчунду болгон тилке Боз-Бармак тоосун тешип, каздыруу иштери жүрүдө

Казылган тоо өтмөгүнүн узундугу 600 метр, бийиктиги 17 метр, ал эми үстүнкү катмарынын аралыгы 70 метрди түзөт.

Каздыруу иштеринин жүрүшүндө биздин заманга чейинки III-кылымга таандык коргондар табылып, учурда археологиялык - изилдөө иштери жүрүүдө", -деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 28 атайын техника, 52 жумушчу тартылган

Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-kochkor-temir-zholunun-kurulushunun-zhrshnd-iii-kylymga-taandyk-korgondar-tabyldy



Добавить комментарий