Балыкчы: шаарды катуу үн чыгаргыч орнотулган машина кыдырып, элди эскертип жатат
Бөлүшүү:
Балыкчы шаарынын мэриясынын жана ӨКМдин кызматкерлери өзгөчө кырдаал киргенине байланыштуу шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясы кабарлады.
Ага ылайык, элге коронавирус оорусун алдын алуу жана өзгөчө кырдаал режим учурунда өзүн кандай алып жүрүү түшүндүрүлүп, санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо тууралуу шаар ичинде профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 14 адамдан табылып, алардын бирөөсүнүн абалы начарлап, реанимацияга жаткырылды.
Добавить комментарий ×