Балык уулап кеткен боюнча дайынсыз болгон жубайларды издөөгө Бишкектен суучулдар жөнөп кетти
Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайлар табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитсрлиги кабарлады.
Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 3-март күнү саат 12:10 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймаыгын Кирпичный айылынын тургундары 1980-жылы туулган Ю.Г. жана жубайы 1978-жылы туулган Н.Р. аттуу жарандар 28-февральдан 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн.
3- март күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн 4 куткаруучу жана КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук №36 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, жалпы 14 куткаруучу, ошондой эле РИИБнан 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылган. Издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок табылган эмес.
Издөө иштерине жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул, Жети-Өгүз районун көздөй чыгып кетишкен. Издөө иштери 4-март күнү улантылат.
Добавить комментарий ×