Балык уулап кеткен боюнча дайынсыз болгон жубайларды издөөгө Бишкектен суучулдар жөнөп кетти

4 марта 2019 10:54 1198 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайлар табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитсрлиги кабарлады. 

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 3-март күнү саат 12:10 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймаыгын Кирпичный айылынын тургундары 1980-жылы туулган Ю.Г. жана жубайы 1978-жылы туулган Н.Р. аттуу жарандар 28-февральдан 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн. 

3- март күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн  КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн 4 куткаруучу жана КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук №36 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, жалпы 14 куткаруучу, ошондой эле  РИИБнан 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылган. Издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок табылган эмес.

Издөө иштерине жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул, Жети-Өгүз районун көздөй чыгып кетишкен. Издөө иштери 4-март күнү улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/balyk-uulap-ketken-boyuncha-dajynsyz-bolgon-zhubajlardy-izdg-bishkekten-suuchuldar-zhnp-ketti



Добавить комментарий