Балет искусствосунун залкары Чолпонбек Базарбаев эскерилди. Көзү тирүү болгондо 70ке чыкмак

4 февраль 2019 15:35 1870 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 4- февралда кыргыз балет искусствосунун залкары Чолпонбек Базарбаев эскерилди. Залкарды эскерүү  “Ала – Арча” көрүстөндө куран окутуу менен башталып, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма теарынын алдындагы айкелине гүл коюу менен улантылды. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерүүгө жогоруда аталган министрликтин орун басары Кайрат Иманалиев, маданият жана искусство өкүлдөрү жана туугандары катышты.

Эскерүүдө балет залкарынын кыргыз искусствосуна кошкон салымы, чыгырмачылыгы,  басып өткөн жолу тууралуу сөздөр айтылып, эстелигине гүл коюлду.

Чолпонбек Базарбаев жана кыргыз балет искусствосу

Чолпонбек Базарбаев балет искусствосун мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Базарбаевдин репертуарындагы «Шопениана», «Жизель», «Аккуу көлү», «Уйкудагы сулуу» классикалык балеттер бий өнөрүн өздөштүрүүнүн эң жогорку мектеби болгон. СССР эл артисти Ч. Базарбаев 1970-жылы Польшада «Дон Кихот» балетинен үзүндүнү Б. Бейшеналиева менен бийлеп, АКШ, Кытай, Япония, Франция, Түркия, Швейцария, Дания жана башка дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болуп, Кыргыз элинин сыймыгы катары өлкөнүн желегин желбиреткен.

Чолпонбек Базарбаев аткарган ролдор

Альберт (А. Адан, «Жизель»)

Зигфрид (П. Чайковский, «Ак куу көлү»)

Спартак (А. Хачатурян, «Спартак»)

Нурдин (М. Раухвергер, «Чолпон»)

Вацлав (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны»)

Жигит (Ф. Шопен, «Шопениана»)

Солор (Л. Минкус, «Баядерка»)

Макбет (Молчанов, «Макбет»)

Чолпонбай (Н. Нурымов, «Өлбөстүк») жана башкалар.

Чыгармачылыктагы даңгыр жол...

Ч. Базарбаев 1958-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына кирип, аны 1967-жылы бүтүрүп чыккан.1966-1993 - жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти, генералдык директору.1993-96-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри 1996-жылдан 1997-жылга чейин Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары. Ушул эле мезгилдерде 1987-жылдан 1995-жылга чейин Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
1997-2001-жылдары "Достук" коомунун төрагасы. 2001-2002-жылдары кайрадан Кыргыз мамлекеттик академиялык А. Малдыбаев  атындагы опера жана балет театрынын башкы директору кызматтарын аркалаган.

Кыска өмүр жана артта калган издер....

Чолпонбек Базарбаев 2002 –жылы авто унаа кырсыгынан каза болуп, “Ала - Арча” көрүстөнүнө коюлган.  Анын ысымы менен Бишкек хореографиялык окуу жайы аталса, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрынын алдына анын айкели орнотулган. Залкардын көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. 


Ссылка: https://barometr.kg/balet-iskusstvosunun-zalkary-cholponbek-bazarbaev-eskerildi-kz-tir-bolgondo-70ke-chykmak



Добавить комментарий