Балбак Түлөбаев мэриянын кызматкерлерине: "Иштебейсиңерби орунду башкаларга бошотуп бергиле"
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев муниципалитеттин кызматкерлерин "шаар ичиндеги транспорт көйгөйүн чече албайсыңар" деп сын айтты. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Эки жылдан бери силер менен чогуу иштешип келе жатам. Ошол жылдар аралыгындагы транспорт көйгөйү дагы да чечилбей келет. Башты чайкап олтургандан бөлөк эч нерсе билбейсиңер. Көйгөй чечилбей ошол бойдон калды. Мага күндө фейсбук аркылуу кайрылган жарандардын саны барган сайын арбып жатат. Майда-барат көйгөйдү да чече албайсыңар. Иштей албасаңар ордуңарды бошотуп бергиле”, - деп катуу эскертүү берди Түлөбаев.
Добавить комментарий ×