Түлөбаев: "Алтын Казынада" зордукталган кыздын ишин милиция ич ара чечип алууга үндөп жатат
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев "Алтын Казына" ресторанында зордукталган кыздын окуясында күч органдары "өз ара чечип алабыз" деп жатканын айтты. Бул тууралуу эл өкүлүнүн соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Депутаттын айтымында, коомчулукта резонанс жараткан окуяны күч органдары эки тарапты өз ара чечишип алууга үндөп жаткан.
"Калайык!
"Алтын казына" ресторанында болгон окуя бул трагедия, бул айбанчылык.
Урматтуу укук коргоо органдары, ар кандай сөз угуп атам. Андайга барбагыла жооп бересиңер.
Жең ичинен чечебиз аны салабыз муну салабыз болбойт. Кынтыксыз териштирилип, ким күнөөлү болсо жооп берет. Мен да кыз атасымын", -деп жазды ал.
Эске сала кетсек, 6-августан 7-августка караган түнү "Алтын Казына" ресторанында администратор болуп иштеген адам жана дагы эки кызматкер аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.
Ал эми, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналган 20 жаштагы бала кармалганын билдирген.
Добавить комментарий ×