Бала кандай учурда мээримдүү болуп чоңоёт?

21 ноябрь 2022 10:55 6908 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Балаңызга үлгү боло билиңиз. Балаңыздын көзүнчө ар бир сөзгө маани берип сүйлөңүз. Анткени алар ар бир сөздү эстеп калат. Баарлашуу учурунда балаңыздын көзүнө тик карап маектешиңиз. Эгерде сиз көзүңүздү ала кача берсеңиз, балаңыз алдап жатат деп ойлоп калат. Бул тууралуу психолодордун сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Сизден ката кеткен учурда балаңыздан кечирим сураңыз

Эгерде сиз чындап эле балаңызды жөнү жок урушуп капа кылып алсаңыз, анда болгон окуяны таразалап балаңыздан кечирим сураңыз.

Балаңызга мээримдүү болуңуз

Балаңызга: “Мен сени өтө жакшы көрөм. Бирок, бул кылганың мага жакпай турат”,-деген сыяктуу мамиле жасаңыз.

Кийинүү стилиңизди ар дайым оңдоп жүрүңүз

Сиз кантип кийинип, сүйлөгөнүңүздөн тарта балаңыз туурайт. Мисалга, сиз өзүңүздү тыкан алып, таза жүрсөңүз балаңыз да сизди тартып тыкан, таза болмокчу.

Балаңызды башкалар менен баарлашууга үйрөтүңүз

Балаңыздын мээримдүү болуп, башкалардын оюн сыйлоого үйрөтүңүз. Бала качан башканын оюн уга билгенде гана өзгөлөрдү сыйлоого талпынат. Ошондой эле, балаңыз менен кандай гана маселе жаралабасын ар дайым ачык сүйлөшүңүз.

Ссылка: https://barometr.kg/bala-kandaj-uchurda-meerimd-bolup-chooyot



Добавить комментарий