"Бал тил Баткен тили". Көпчүлүккө күлкү тартуулаган гид жигиттин дагы бир видеосу чыкты
Бөлүшүү:
Barometr.kg сайтына буга чейин чыккан Баткен облусунун “Айгүл гүлүнүн” тоосунда кыргызча, орусча жана англисче сүйлөгөн жигиттин видеосунун уландысы чыкты. Видео менен Мырза Добутов аттуу фейсбук колдонуучусу бөлүшкөн.
Видеодо жигит кайрадан орус тилинде өзгөчө акцент менен сүйлөп жатканын көрүүгө болот. Кезектеги видео да көпчүлүктүн жүзүнө жылмаюу тартуулады.
Гид жигитке интернет колдонуучулары “чыныгы юморист экен”, “таланттуу жигит экен”, “атайлап сүйлөп жатат” деген пикирлерин билдиришүүдө. Ал эми видеонун автору "Бал тил Баткен тили" деп баа берген.
Добавить комментарий ×