Бакыт Жангазиев: "Ысык-Көлдө 118 колл-борбордун ишин күчөтүш керек"
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев Ысык-Көлдө онлайн-кеңешме өттү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Жангазиевдин Ысык-Көл облусундагы иш сапарында, облустук саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери менен онлайн-чогулуш өткөрдү. Жетекчилер жеке коргонуу каражаттар, тест-системалар, дары-дармектер, меджабдуулар менен камсыздалганын жана алар жетиштүү экендигин билдиришкен.
Чогулуш учурунда, министрдин орун басары калктын арасында коронавирус менен ооругандардын аздыгына, каражаттар менен камсыздалганына жана окутуулар өтүп жатканына карабастан, медкызматкерлер арасында вирус жуктуруу учурлары азайбагандыгы тынчсыздандырып жатканын айтты.
Ал эми онлайн-чогулуштун жыйынтыгында, орун басар облустагы саламаттык сактоо координаторуна оору көбөйгөн учурда персоналды жана кошумча койко-орундарды даярдоону көзөмөлгө алууну, ошондой эле калктын жана медиктердин арасында вирус жуктурган учурларды тыкыр изилдөөнү, катачылыктарды жоюуну тапшырды.
- Мобилдик бригадалардын ишин күчөтүүнү, зарыл болгон учурда кошумча уюштуруу керектигин айтты.
- Бардык жетекчилерге Ысык-Көл облусунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана тургундарга медициналык кызмат көрсөтүү чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле Жангазиев санариптештирүү жана облустагы 118 колл-борбордун ишинин жетишсиздигин белгилеп, кыска мөөнөттүн ичинде бардык мүчүлүштүктөрдү оңдоо талабын койду.
Ссылка: https://barometr.kg/bakyt-zhangaziev-ysyk-kld-118-koll-borbordun-ishin-kchtsh-kerek
Добавить комментарий ×