Бакыт Байсариев "үчүнчү ирет үйлөнөбү?" деген суроого жооп берди

2 август 2018 02:30 11316 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Шоумэн, тамада Бакыт Байсариев үчүнчү ирет үйлөнөт экен деген ушактар тарады. Себеби, айрым сайттар тамада тууралуу төмөндөгүдөй маалыматты жазып чыгышты:

"Белгилүү бийчи жана шоумэн Бакыт Байсариев ушул жылдын башында экинчи никеси  Алия менен бир кыздуу болгон соң ажырашып кетишкен. 

Арадан жарым жыл өткөн соң бойдок жүрүп калган Бакыт учурда дагы бир сулууну жандап жүрөт. Ал эле эмес сулуусун тойлорго да кошо ээрчитип барууда. 

Кыязы, Бакыт мырза үйлөнүүдөн жалкый элек көрүнөт. Үчүнчү ирет үйлөнсө таң калбай эле коюшубуз керек экен. Бирок, азыркы жандап жүргөн сулуусуна баш кошобу же жубайлары менен элдешеби али белгисиз"-деп жазылган.

Barometr.kg маалыматты тактоо максатында Байсариев менен байланышып, кыскача интервью алдык.

-Саламатсызбы Бакыт, жаныңыздагы кыз чын эле үчүнчү ала турчу жубайыңызбы?

- Жок, жанымдагы кыздар менин командамдагы кыздар. Менин өзүмдүн топтолгон командам бар. Алар менен жыл сайын ар кандай Ысык-Көлгө, тоого, жайлоого же башка жактарга алып барып эс алдырып келем. Алардын көп акча таба тургандай мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошондуктан мен моюнума алып, командамды ар кайсы жакка алып барам. Быйыл кайсы жакка барасыңар десем Казакстанды көрө элекпиз дешкендеринен бир күндүк тур менен Актау, Алматы сыяктуу көп жерлерди кыдырып келдик. Ал эми мен тууралуу туура эмес маалымат жазгандарга айтарым мага бир жолу телефон чалып тактап койгонго алдары жетпейби? Ушундай "желтая прессалар" тажатты. Такталбаган ушак таратышып, абдан жиним келип, нааразы болуп атам. Поезддеги сүрөттү чыгарып туруп, тойлорго дагы ээрчитип алат деп койгондо күйүп кетет экенсин. 

- Айтмакчы, ал кыздар командаңыз экен, дегеле үйлөнөйүн деп жатканыңыз чындыкпы?

- Жок, азырынча үйлөнбөйм. Үчүнчү жолу үйлөнүшүм мүмкүн, бирок азыр эмес. 


Ссылка: https://barometr.kg/bakyt-bajsariev-chnch-iret-jlnb-degen-suroogo-zhoop-berdi



Добавить комментарий