Бакыт Аманбаев: Бабанов келиши керек

25 март 2019 20:51 1399 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын экс-акыйкатчысы Бакыт Аманбаев саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү тууралуу маалыматтарга өз пикирин билдирди.

“Президенттик шайлоодо  Өмүрбек Бабанов бирден-бир талапкер болгон.600 миңден ашык добуш алган, демек ал кишинин дагы өзүнүн тарапкерлери бар. Ал киши келсе мен ойлойм кыргыз коомчулугуна жаман эмес деп. Бирок Бабанов  өз сөзүндө бир нерсени айткан мен ушул бойдон саясатка катышпайм деп. Ал келип өзүнүн жеке партиясынын лидери катары программасын, сунуштарын айтып, фракциясы аркылуу кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин экономикасынын көтөрүлүшүнө салым кошсо кимге зыян. Менимче муну убакыт көрсөтөт. Ал жана анын тарапкерлери бийлик менен кандай деңгээлде сүйлөшөт, ошого байланыштуу чечилет го деп ойлойм”,-деп эсептейт Аманбаев.

Эскерте кетсек, 21-марттаӨмүрбек Бабанов кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, “Жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

«Республика-Ата Журт» фракциясынан депутаттары Бабанов жакында Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн экендиги тууралуу маалыматты тастыкташкан. Депутат Максат Сабировдун айтымында, төрт депутат Өмүрбек Бабанов менен Россияда жолугушкан учурда ал Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар экенин билдирген.

22-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эгерде саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе ал жоопкерчиликке тартылат деп маалымдаган.  

2017-жылы 15-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоодон кийин  “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өлкөнү таштап кеткен болчу. Алдын ала маалыматтарга ылайык ал Россияда жүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/bakyt-amanbaev-babanov-kelishi-kerek



Добавить комментарий