УКМК: Бабановдун машыгып жаткан видеосу СИЗОдон тартылган эмес
Соцтармакта жарыяланган Өмүрбек Бабановдун машыгып жатканда тартылган видеосу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитети маалымат берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
«Өмүрбек Бабановдун УКМК убактылуу кармоочу жайында болуп машыгып жатат делген маалымат чындыкка дал келбейт. Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат, жана анын ичинде фото-видеого тартуу тыюу салынган. Аталган видео материал фейк болуп эсептелинет»,— деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ социалдык тармактарга Өмүрбек Бабановдун машыгып жатканда тартылган видеосу тараган.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-babanovdun-sizodo-mashygyp-zhatkan-videosu-zhasalma
Добавить комментарий ×