Ташиев: Бабанов калп айтып, коомчулукту алдай бербесин

15 январь 2021 16:22 3197 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 5-6-октябрдагы башаламандыктан кийин экс-депутат Өмүрбек Бабанов менен жолукпаганын айтып, аны калп айтып жатат деп айыптады. Бул тууралуу анын соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бабанов калп айтып, коомчулукту алдай бербесин. Биз алар менен 2020-жылдын 9-октябрындагы тополоңдон кийин жолуккан жокпуз.

Ошондой эле, митингдерди биз уюштурган эмеспиз деп Бабановдордун алдына барып шылтоо айткан да эмесбиз.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев менен биригип алып, элди баштап, борбордук аянтка бийликти элден тартып алуу үчүн келген.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык уюштургундар өз жазаларын алышат”, - деп жазды Ташиев.

Эске сала кетсек, буга чейин айрым интернет булактары Өмүрбек Бабанов 13-октябрь күнү Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолукканын партиянын штабына шилтеме берип жазып чыгышкан. Маалыматта, Бабанов ошол эле күнү ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушканы, анда өлкөнүн ошол учурдагы абалы тууралуу сөз болгону белгиленген.

Эске сала кетсек, 7-январда УКМК Өмүрбек Бабановду суракка чакырган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Бабанов сотко чейинки бир нече териштирүүнүн алкагында фигурант катары чакырылууда. Ал эми, УКМК кайсы кылмыш иштери тууралуу кеп болуп жатканын тактаган эмес.

Бирок, Бабанов өзү Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда козголгон кылмыш иштерине байланыштуу сурак бергенин журналисттерге билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-babanov-kalp-ajtyp-koomchuluktu-aldaj-berbesin



Добавить комментарий