Бабанов: Эки жоргом тең алдыңкы орундарды багынтып, мени кубантты

22 март 2021 12:42 4233 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 21-март күнү Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналып, өткөн улуттук оюундардын түрлөрү боюнча мелдеште саясатчы Өмүрбек Бабановдун жорголору байгелүү орундарга жетишкени тууралуу соцтармак аркылуу коомчулукка жар салды. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Эң сонун жаңылык. Менин жорголорум – Императрица менен Империя биринчи жана экинчи орундарды ээлешти. Мени өзгөчө шыктандырганы бул аттар менин атканамда туулуп-өскөн",- деп жазды Өмүрбек Бабанов.

Эске сала кетсек, кече, 21-мартта Чолпон-Ата шаарында кунан жарыштан тышкары, көк бөрү, салбуугун, эр эңиш сыяктуу улуттук оюндардын мелдеши болуп өттү. 

Кунан чабыш, катышуучулардын саны – 14:

1-орун – Дубай (Губернатор-Дубль), ээси – Ибраимов Нурланбек, машыктыруучусу – Асанов Нурадил, байгеси – 26 000 сом;

2-орун – Датка, ээси – Кадыркулов Асылбек, машыктыруучусу – Кадыркулов Асылбек, байгеси – 14 000 сом;

3-орун – Барас (Балтика-Ростов), ээси – Касымов Айбек, машыктыруучусу – Аркарчиев Калыйдулда, байгеси – 10 000 сом;

4-орун – Магадан (Зидан-Марашка), ээси – Кубалдуев Нурлан, машыктыруучусу – Эркинбек уулу Мунарбек, байгеси – 6 000 сом;

5-орун – Ризон (Секвестр-Шам), ээси – Жаркеев Саргалдай, машыктыруучусу – Туйтуев Улан, байгеси – 3 000 сом.

Жорго салыш, катышуучулардын саны – 17:

1-орун – Бест (Барон-Элен), ээси – Мурас ж\ф, машыктыруучусу – Адамалиев Турсунбек, байгеси – 27 000 сом;

2-орун – Латиф Фра-Лаванда, ээси  – Касымканов Нурлан, машыктыруучусу – Аламанов Жаныш, байгеси – 16 000 сом;

3-орун – Акжолтой, ээси – Асанбек Ата ж\ф, машыктыруучусу – Батыркулов Женишбек, байгеси – 11 000 сом;

4-орун – Кабылан, ээси – Асанбек Ата, машыктыруучусу – Батыркулов Женишбек, байгеси – 7 000 сом;

4-орун – Милан (Материк-Мавретаниа), ээси – Маткеримов Урадил, машыктыруучусу – Токтосунов Мыктыбек, байгеси – 5 000 сом.

Аламан байге, катышуучулардын саны – 18:

1-орун – Тулпар (Мегвин-Эрке), ээси – Бегалиев Канымбек, машыктыруучусу –  Раймалиев Солдат, байгеси – 31 000 сом;

2-орун – Байсангур, ээси – Алиаскар-Ата ж/ф, машыктыруучусу – Уларбеков Бахтияр, байгеси – 21 000 сом;

3-орун – Каракуш, ээси – Касымханов Нурлан, машыктыруучусу – Сатыбалдиев Айбек, байгеси – 11 000 сом;

4-орун – Спартак (Саттелит-Кополок), ээси – Нурпайызов Колбай, машыктыруучусу – Нурпайызов Колбай, байгеси –  7 000 сом;

5-орун – Симпатия (Суэл-Проба), ээси – Кыдыралиев Белек, машыктыруучусу – Кыдыралиев Белек, байгеси – 5 000 сом.


Ссылка: https://barometr.kg/kunan-chabysh-babanovdun-eki-klg-te-aldyky-orundardy-bergen-zhok



Добавить комментарий