Камбаралиева: "Бейтаптар акчаларын дарыга бекер коротууда"

17 июль 2020 09:21 660 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адисттер вируска каршы натыйжалуулугу далилденбеген дары-дармектерди пайдалануудан сактануу керектигин эскертти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бул маселени дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева Сооронбай Жээнбеков менен 15-июлда болгон жолугушууда көтөргөн.

Анын айтымында, учурда калк арасында «Арбидол», «Ингавирин», «Эргоферон» ж. б. вируска каршы дары-дармектер чоң дүрбөлөңдү жаратып жатат.

Бирок бул препараттардын натыйжалуулугу далилденбегендиктен, ата мекендик клиникалык протоколдорго киргизилген эмес.

«Ошентсе да социалдык тармактардагы жарнамалардан улам калкыбыз булар абдан натыйжалуу жана зарыл дары-дармек деп ишенип алышкан. Мындай көрүнүш баалардын 100 сомдон 700 сомго чейин көтөрүлүп кетишине шарт түздү. Бейтаптар акчаларын бекер коротушууда. Бирок ошол эле учурда натыйжасын көрбөй жатышат. Бул дагы бейтаптардын биздин клиникалык протоколдорго ишенбөөчүлүгүн пайда кылып, дарыгерлер начар дарылап жатышат деп айтууларынын бир себеби болушу мүмкүн», — деди  Камбаралиева.


Ссылка: https://barometr.kg/baktygl-kambaralieva-bejtaptar-akchalaryn-beker-korotushuuda



Добавить комментарий