Байлар сизге эч качан айтпаган сыр. Акчалуу кыла турган сандар бар экенин билип алыңыз!
Байлар ырымдап кээ бир цифралар байлык алып келет деп коюшат. Алардын пикиринде кээ бир цифралар финансылык пландан алганда жолдуу деп эсептелет.Төмөндө barometr.kg алар менен тааныштырат.
Цифралардын энергетикасын өзүңүзгө туура колдоном десеңиз капчыкка салган акчаны, банк эсебиңиздин, карта эсебиңиздин баштапкы сандарын караңыз.Алар канчадан башталат экен көз жүгүртүңүз.
Бир. Бул цифра каржылык жактан алганда абдан маанилүү экен. Ал башталышты, мотивацияны, акча агымын символдоштурат. Бир саны кыйынчылыктан чыгууга жардам берип адамды оптимизмге түртөт деп эсептешкендиктен, 1 долларды жанына салып жүргөндөр бар.
Эки. Бул сан негативдүү деп эсептелет жана каржылык энергетикага ээ эмес. Адам мындай сандын таасири менен туура эмес чечим кабыл алат дешет.
Үч. Бул санды ырымдап жүргөндөр байлык, атак-даңк жана терең билим алып келет дешет. Мындай сандын таасири менен интуиция курчуп, туура долбоорлорго инвестиция салууга болот.
Төрт. Бул сан каржылык жактан туруктуу болгон адамдардын символу деп эсептелет. 4 саны абдан чоң ийгиликтерге жеткирбесе дагы туруктуу каржылык абалды сактап турат.
Беш. Чыныгы каржылык ийгиликтин саны деп эсептелет. Кубаттуу энергетикага ээ, чыгармачыл эргүүнүн саны.
Алты. Бул сан ыгы жок чыгашаларга алып келет.Ошондуктан капчыгыңызга 600, 6000 сом салып чыкпаңыз, жөнү жок коромжуларга учурайсыз.
Жети. Бул цифра адамга дем берген сан болуп саналат.
Сегиз. Бул санды көп акча алып келсин деп ырымдап колдонушат. Анткени 8 саны түбөлүктүүлүктүн символу. Корточкаңыздын башкы саны сегизден башталса андан да жакшы.
Тогуз. Ашыкча нерседен кутулуунун символу болгон цифра.
Байлыктын цифраларын кантип колдонуу керек?
Демек байлык үчүн эң эле ыңгайлуу, акчалуу сандар болуп 3, 5 жана 8 сандары эсептелет экен. Аларды кантип колдонуу керек?
3 саны каржылык жактан ийгилик алып келет жана ал динамикалуу, ошондуктан капчыкка ырымдап 3кө бөлүнө турган сумманы тактап айтканда 300, 600, 900, 1200, 3000, 30000 сом салып жүргөндө акча көбөйөт.
Бирок бул сандын өзгөчөлүгү аны менен акча топтоо мүмкүн эмес. 3 миң сомдон баштап банкка топтолмого салынган акча болбогону жакшы, болбогондо акча токтолбой кете берет. Телефон номер же унаа номери ушундай болгону дурус.
Сегиз санынан башталган карта номери, телефон номери банктагы эсеп акчасы ийгиликтүү болот. Бул число акча топтогонго жана аны туура бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Адамдын 18, 28, 38 деген сыяктуу сандар менен аяктаган жаш курагында акча көп табылат делинет.
Беш саны башка сандарга көмөкчү болгону дурус. Бул сан дайыма жеңүүчү катары ойлонууга мүмкүндүк берет жана маселенин стандартуу эмес жолдорун табасыз. 1, 4, 7 сандары дагы унаа номерине, телефон номерине, банк эсебине же картага жакшы делинип эсептелет. Ушул сандар менен башталган үй дареги, квартира дагы жакшы деп коюшат.
Ырым-жырым өзү менен деңизчи, бирок кээде адамдарды курчап турган нерселердин баары энергияга ээ экенин эске алсак, сандардын энергиясын дагы эске ала жүргөнүңүз дурус.
Добавить комментарий ×