Япония Кыргызстандын баңгизат менен күрөшүү кызматына 2 миллион доллар берди

26 июнь 2020 17:44 1355 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бириккен улуттар уюму баңгизаттар менен күрөшкөн кызматка автоунаа жана жабыдыктарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын саптык майданында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоорунун алкагында автоунааларды жана жабдыктарды тапшыруу иш-чарасы өттү.

Ага ИИМдин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарымдуу Элчиси Маэда Сигэки, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Денис Гречанный катышты.

БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча доолборду ишке ашыруу үчүн бул багытта Ички иштер министрлигинин алдында коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн Япониянын Өкүлчүлүгү тарабынан 2 миллион 35 миң АКШ долларын тапшырды.

“Баңгизаттарды жайылтуу көйгөйү бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Японияда дагы бар. Ошондуктан баңги кылмыштуулугу менен күрөшүүдө бирдиктүү күч-аракеттерибизди жумшообуз керек. Бүгүн мен биздин өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстандын аймагында бул көйгөйдү кыскартууга жасап жаткан иштери үчүн колодоо көрсөтөөрүмдү билдирем. Бул иш-чарага катышып жатканыма кубанычтамын”, -деди Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Маэде Сигэки.

Ссылка: https://barometr.kg/bagizattarga-karshy-materialdyk-tehnikalyk-bazasyn-bekemd-chn-unaalar-zhabdyktar-tapshyryldy



Добавить комментарий