Бабанов президенттик шайлоонун болуп өткөнүнө бир жыл болгону менен куттуктады

16 октябрь 2018 17:20 1236 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Республика Ата-Журт" фракциясынын мурунку лидери, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Өмүрбек Бабанов Кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал жеке социалдык баракчасына президенттик шайлоонун болуп өткөнүнө бир жыл болгону менен куттуктады жана шайлоо демократияны түптөөгө салым кошкондугун билдирди.

Ошондой эле Бабанов өз сөзүндө шайлоо учурунда аны колдогон шайлоочуларына да ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо болуп анын жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/babanov-prezidenttik-shajloonun-bolup-tknn-bir-zhyl-bolgonu-menen-kuttuktady



Добавить комментарий