Бабанов кандай болсо да келүүнү чечти

27 март 2019 12:45 2089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Республика-Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов кандай болгон күндө да Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта болгон басма сөз жыйынында анын өкүлү Ислам Каргабаев билдирди.

“Кандай болбосун Өмүрбек Бабанов мекенине кайтып келет. Ал бизге ушул сөздү айтып барууну өтүндү”,-деп билдирди ал.

Өкүлдүн айтымында азыркы учурда ЖМКда “Бабанов кайтып келе турган болсо жоопкерчиликке тартылат” деген маалыматтар тарап жатат.

“Биз аны менен ушул тема боюнча да сүйлөштүк бирок Бабанов анын абийири кыргыз журтунун алдында таза экенин, эч кандай мыйзамга жат көрүнүш иштебегенин, ошондуктан Кыргызстанга кайтып келүүгө ниеттенип жактанын айтты”,-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов социалдык түйүндөгү өзүнүн баракчасына мекенине кайтып келүүгө  аракет кылып жатканын жазган.

Ссылка: https://barometr.kg/babanov-kandaj-bolso-da-keln-chechti



Добавить комментарий