Бабанов кайрадан “Жакында көрүшкөнчө!” деп жазды

28 март 2019 07:46 1160 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттике экс-талапкер Өмүрбек Бабанов филология илимдеринин доктору Үмүт Култаевга ыраазычылык билдирди. Ага карата ыраазычылыгын Бабанов өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-мартта Култаева басма сөз  жыйынында сөз сүйлөп, Бабановдун 2017-жылдагы шайлоо алдында үгүт сөздөрү боюнча экспертизанын бүтүмүн окуган. Анын айтымында, бүтүмгө ылайык Бабановдун сөздөрүндө чакырык болгон эмес.

“Үмүт эже! Чындыкты жазгандыгыңыз үчүн сизди чыркыратып, эларалык институтту жетектеген жумушуңуздан алышты. Доктордук даражаңызды, өмүр бою топтогон билимиңизди жаштарга үйрөтүүгө күчтөнүп турганыңызда сизди жумуштан алып, УКМКга чакырып алып кылмышкердей мамиле кылышты. Атүгүл студенттерге сабак бергенге да жол беришпеди. Ага карабай бүгүн да сиз илимий көз-караш менен менин сөзүмдү ачык талдап, чындыкты айтып чыктыңыз. Сизге сыймыктануума чек жок болуп, ыраазычылыгымды жеткире албай турам.

Урматтуу элим! Ушул видеону элибиздин калың катмарына жеткиреличи. Филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева эжебиздин чындык үчүн күрөшү, курмандыгы тек кетпесин. Өлкөбүздөгү мугалимдерибиздин ар бири дал ушул Үмүт эжебиздей эркин, тайманбас, илимдүү, билимдүү болсун! Чоң ыракмат, Үмүт эже! Жакында көрүшкөнчө!-деп

Белгилей кетсек, Бабановго карата эки кылмыш иши козголгон. Алардын бири Он-Адырда шайлоочулардын алдындагы сөзү үчүн болгон. Саясатчыга карата дагы бир кылмыш иши токтотулган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/babanov-kajradan-zhakynda-krshknch-dep-zhazdy



Добавить комментарий