«Баатыр эне» жана «Эне даңкы» сыйлыктары тапшырылды

3 июнь 2020 18:04 1150 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» төш белгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Бишкек шаары боюнча «Баатыр эне» ордени 34 энеге, «Эне даңкы» төш белгиси  29 аялга ыйгарылды.

Свердлов району боюнча 8 эне «Баатыр эне» орденин тагынса,  «Эне даңкы» төш белгисинине 8 эне ээ болду.

Октябрь району боюнча 3 эне «Баатыр эне» орденинин өз ээси болду, 10 эне төш белги менен сыйланды.

Биринчи май районунун 10 тургуну орден, 4 тургунуна төш белги ыйгарылды.

«Жети баланын энеси Улутуук онкология борборунда дарыланып жаткандыктан, ага орден ооруканада тапшырылды », — дейт мэриянын басма сөз кызматы.

Ленин району боюнча «Баатыр эне» орденине 13 эне татыды, ал эми «Эне даңкы» төш белгиси 4 энеге ыйгарылды.

Маалыматка ылайык, сыйлоо учурунда баардык санитардык нормалар сакталган.

Ссылка: https://barometr.kg/baatyr-ene-zhana-ene-daky-syjlyktary-tapshyryldy



Добавить комментарий