Баардык эркектерди төшөктө эмнеден алдашат?

2 август 2019 10:46 27650 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөнү “уят кино” каптап, аны ашыкча жайылтуу менен пайда көргөн тармак-порноиндустрия иштеп жатат. Бирок мындай фильмдерге ишенип алган мырзалар кинону жашоосуна алып келүүнү каалап, аялды өзүнө каратып алууда, сүйдүрүүдө жана төшөк мамилесинде оңбогондой көп ката кетирип алышат. Жана албетте мамилелер тууралуу алданып, жалган түшүнүккө ээ болушат. Уят кинолор эмнени туура эмес бузуп көрсөтө турганын так билип алыңыз.Төмөндө barometr.kg бир нече каталарга көз жүгүртүүнү сунуштайт.

№ 1 ката. Аялдын негизги эрогендик зоналары бул анын- жыныс органдары.

Мындай түшүнүк көпчүлүк эркектердин башына бекем орноп алган.Бирок аялдардын эң башкы эрогендик зонасы бул-мээ.

Тактап айтканда эркек адегенде аялдын сезимдерин козгой билиши керек. Эркек анын жашыруун фантазияларын билип, жакындан көңүлүнө жаккан мамилени жасай билгенде гана аял төшөктө өзүн ача алат. Ал эми төшөктөгү жасалмалуулук жана карап койсо эле оттой жанып кеткен кумарлуу аялдар - мунун баары заманбап порно фильмдердин таңуулаган түшүнүктөрү.

№ 2 ката. Эркектин сырткы келбети маанилүү эмес, төшөктө мыкты болсо болду

Көп жылдар бою режиссерлер актрисалардын гана тышкы келбетине көңүл буруп келишкен. Уят кинолордун актерлору кандай болсо мейли дегендей түр кылышкан.Аларо ал тургай маймылдан бир аз эле сулуу болсо да киного тартышкан. Мындан улам дүйнөдө эркектердин келбети жакшы эмес болсо деле төшөктө мыкты болсо болду деген ойду мырзаларга таңуулашкан.

Бирок айымдар эркектин тышкы келбетине биринчи ирет карай турганын унутпаңыз! Таза, тыкан, келбеттүү эркекти гана аялдар жактырарын эсиңизге алыңыз.Буту шыбоо, колтугу колоңсо, чачы жуулбаган эркек төшөк мамилесинде деле ошондой мамиле кылат.

№ 3  ката. Аялдардын баары буту узун, бели ичкежана көкүрөгү чоң болуш керек деген түшүнүк киргизишкен.Бирок жашоодо мындай идеал таппаган эркектер порнонун курмандыгы болуп кала беришет. Чыныгы жашоодогу аялдар таптакыр башка. Алардын көбү жашоодо арык, же толук, кош бойлуулуктан кийин келбетин жоготкон, комплекси бар же уялчаак.

Кыскартып айтканда мындай индустриялардын максаты кандай болбосун-адамдын алсыз жерлерине таасир берип өзүнө көп каражат табуу. Ошондуктан алардын алдамчы торунан алыс болуңуз!

Ссылка: https://barometr.kg/baardyk-erkekterdi-tshkt-emneden-aldashat



Добавить комментарий