Кыргызстанда күнүнө 70 миң беткап чыгарыла баштады

19 март 2020 12:48 1520 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушу тапта дары-дармектердин, айрыкча беткаптардын жетишсиздиги жөнүндө ар кандай кептер айтылып жатат. Ырас, беткаптар жетишпейт, муну моюнга алабыз. Азыр алардын ордун толтуруу чараларын көрүп жатабыз. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Өкмөттүн коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Өкмөт башы буга чейин өлкө аймагындагы дарыканалар менен медициналык мекемелерде 3,5 млн бепкап болсо, ортодогу шылуундардын айынан алардын баары 3 күндүн ичинде жок кылынганын белгиледи. 

«Кыйчалыш кезеңден пайдаланып туйтунуу максатында, айрым шылуундар беткаптарды дүңү менен чет өлкөлөргө чыгарып кетүү аракетин жасап жатышат. Чек арадан 1,5 млн даана беткап кармалып, медициналык мекемелерге кайтарылып берилди. Буга чейин бизде мындай жабдыктар жетишсиз болгон. Азыр эки ишкердин демилгеси менен Бишкек жана Ош шаарларында күнүнө 70 миң беткап чыгарыла баштады», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, чет өлкөлөрдөн дары-дармектер менен атайын жабдууларды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Кытай бул багытта жардам берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда медициналык беткапка суроо-талап күч экенин, бирок таңкыстыкка жол берилбей турганын айткан. Ошондой эле ушул тапта бир кишиге үчтөн ашык беткап сатылбай турганын билдирген. Ал өкмөт бир беткаптын баасын 10 сомдон жогору көтөрүүгө тыюу салганын да маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/azyr-eki-ishkerdin-demilgesi-menen-bishkek-zhana-osh-shaarlarynda-knn-70-mi-betkap-chygaryla-bashtady



Добавить комментарий