Азиз Мурадиллаевдин ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен Түркиядан башка өлкөгө учат

15 декабрь 2022 15:28 1313 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин абалы кайрадан начарлап кеткендиктен тез арада операция кылуу керек. Андыктан актер Турцияга эмес башка өлкөгө учат. Бул тууралуу коомдук ишмер, журналист Ассоль Молдакматова жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Азиз Мурадиллаевдин буга чейин, Түркиядан боорун алмаштырары кабарланган.

 
“Түркиянын мыйзамдарына ылайык, донор катары апасы, атасы, уулу, кызы, тууганы боло алат. Азиздин апасынын жашы 65тен ашкандыктан бул анын ден соолугу үчүн кооптуу.  Актер операцияга барууга Түркияга даярданып жаткан. Туугандарынан донор болуп берүүчү адам табылган. Донор болуучу эже төртүнчү муундун өкүлү болгондуктан Түркиядан Азиз экөөнүн тууганчылыгын аныктоо үчүн комиссиядан өтүшү керек. Бул Түркиянын мыйзамдары. Комиссия 30-декабрда гана болот. Анан клиникада дагы тесттер болот. Көп убакыт өтөт. Алар көпкө күтө алышпайт, ошондуктан Азиздин абалы кайра начарлап кеткендиктен, үй-бүлө кечээ башка өлкөгө учуп кетүүнү чечишкен. Дегеле убакыт жок. Эгерде бүгүн алар органдардын толук шайкештигин тастыкташса, анда эртең же бүрсүгүнү учуп кетишет”, - деп айтылат маалыматта.                 

Ссылка: https://barometr.kg/aziz-muoadillaevdin-den-soolugu-keskin-nacharlap-ketkendikten-trkiyadan-bashka-lkg-uchat



Добавить комментарий