Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 9,5 млн доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр

30 октябрь 2018 15:00 1169 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана  9,5 млн доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр. Бул тууралуу транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев билдирди.

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 430 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Бишкек-Торугарт багытындагы, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. 

Маалыматта айтылгандай  насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. 


Ссылка: https://barometr.kg/aziya-nktr-banky-tndk-tshtk-zholunun-kurulushuna-95-mln-dollar-lchmnd-grant-berg-dayar



Добавить комментарий