Арак ичип, анан соодалашты. Аткаминердин пара алып жаткан жеринен тартылган видеосу

7 декабрь 2018 12:58 2252 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган видео тарады. 

Анда арак ичип, суйлөшүп олтуруп, кандайча жол менен акча алгандыгын тартып алышкан. 

УКМКнын маалыматы боюнча аткаминер чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо максатында 520миң доллар пара алууга макулдашкан. 120миң доллары колуна тийсе, калганын кийинки жумаларда алмак.

Бул тендер Жумгал районуна караштуу жолдорду салууга байланыштуу болгон. Узундугу 69,7 чакырым жолду салууга кетмек. 

Учурда бул окуяга тиешелүүлөр УКМКнын убактылуу жайында сурак берип жатышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/arak-ichip-anan-soodalashty-atkaminerdin-para-alyp-zhatkan-zherinen-tartylgan-videosu



Добавить комментарий