Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетүүгө арыз жазды

15 декабрь 2018 13:28 2503 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди.

Эске салсак, президент Жээнбеков 14-декабрда кеңеш өтүп жаткан учурда министр Калиловду ордунан тургузуп, эгерде орун басары пара үчүн кармалса, кызматтан эбак эле кетип калмактыгын айтып зекиген. Ошондой эле, президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан.




Ссылка: https://barometr.kg/transport-zhana-zholdor-ministri-zhamshitbek-kalilov-kyzmattan-ketg-aryz-zhazdy



Добавить комментарий