Азия өнүгүү банкы вакцина сатып алыш үчүн 25 миллион доллар бөлөт

29 октябрь 2021 16:47 1696 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын өкмөтүнө COVID-19га каршы вакцина сатып алууга көмөк катары 25 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу аталган банктын сайтында кабарланганын “Барометр” билдирет.

Банктын көмөгү насыя жана грант түрүндө тең бөлүнөт. Ал Кыргызстандын COVID-19 вакцинаны жайылтуу боюнча улуттук планынын колдоого батытталат.

“Эмдөө коронавирустун жайылышын азайтуу үчүн өтө маанилүү. Бул долбоор Кыргызстандын элине көмөгүн тийгизет”,-деп айтты банктын президенти Масацугу Асакава.

Бул көмөккө ылайык калктын 12 пайызы же 760 миң адам эмдөө алууга көмөк түзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-ng-banky-vakcina-satyp-alysh-chn-25-million-dollar-blt



Добавить комментарий