Бишкекте 1-ноябрдан баштап жол кире акысы кымбаттайт
Бишкекте 1-ноябрдан баштап коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттайт. Бул тууралуу “Барометр” кабарлайт.
Маршруткадагы жол кире акысы 15 сом, троллейбус жана автобустардагы жол акысы 11 сомдон болот.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 28-сентябрда өткөргөн жыйынында мэриянын “Транспорт тармагындагы Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун колдогон.
Коомдук транспорттун жол кире акысынын кымбатташын күйүүчү майдын, запчасттык тетиктердин, унаанын дөңгөлөктөрүнүн кымбатташына байланыштырышкан. Ошондой эле кадрлар кетип жатканы айтылган.
2021-жылдын январь айында жана июль айында маршрутканын айдоочулары иш таштоо кылышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-1-noyabrdan-bashtap-zhol-kire-akysy-kymbattajt
Добавить комментарий ×