Баракелде! Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Виталий Люкс үчүнчү топту киргизди

16 январь 2019 21:17 1262 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык футболчу Виталий Люкс үчүнчү топту киргизди.  Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын спорттук кабарчысы Гулиза Авазова жеринен маалымдады. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дубайда өтүп жаткан Азия-2019 футбол боюнча беттеште биринчи таймда Филлипиндерди 1:0 эсебинде топ киргизип оюнду баштаган. 

Экинчи таймдын 51-мүнөтүндө команданын оюнчусу Виталий Люкс экинчи топту киргизип, оюнду 2:0 кылган.  Андан кийин бир аз убакыт өтпөй эле оюндун 77-мүнөтүндө Кыргызстандыктардын пайдасына Виталий Люкс үчүнчү топту киргизип, эсепти 3:0 кылды. Филлипин курама командасы бул аралыкта, тактап айтканда оюндун 88-мүнөтүндө бир гол киргизгенге үлгүрдү. Ошентип кырчылдашкан таймашта оюн 3:1 эсебинде болуп калды. 

Эске салсак, Кыргызстандыктар үчүн бул оюн чечүүчү оюн болуп эсептелип, утса мындан ары оюнга катышат. Ал эми утулуп калса үйлөрүнө кайтат. 


Ссылка: https://barometr.kg/aziya-kubogu-2019-kyrgyzstan-kurama-komandasynyn-oyunchusu-vitalij-lyuks-chnch-toptu-kirgizdi



Добавить комментарий