Азия кубогу-2019. Дубайдагы беттеште Кыргызстандыктар 2:0 эсебинде алдыга чыкты

16 январь 2019 21:02 1253 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дубайда өтүп жаткан Азия-2019 футбол боюнча беттеште Филлипиндерди 2:0 эсебинде топ киргизип, алдыга чыкты. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын спорттук кабарчысы Гулиза Авазова жеринен маалымдады. 

Биринчи таймда Кыргызстандыктар дароо эле чабуулга өтүп, команданын оюнчусу Виталий Люкс 1:0 кылып топ киргизди. Экинчи таймдын 51-мүнөтүндө кайра эле ошол оюнчу экинчи топту киргизди. Филлипиндердин дарбазачысы кокустан келген чабуулга эч нерсе кыла албай калды. 

Эске салсак, Кыргызстандыктар үчүн бул оюн чечүүчү оюн болуп эсептелип, утса мындан ары оюнга катышат. Ал эми утулуп калса үйлөрүнө кайтат. 

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-kubogu-2019-dubajdagy-betteshte-kyrgyzstandyktar-20-esebinde-aldyga-chykty



Добавить комментарий