Имандос Бектенов ок атуу боюнча Дүйнө Кубогун жеңди

15 февраль 2024 17:25 2045 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Имандос Бектенов ок атуу боюнча Дүйнө Кубогун жеңди. Бул тууралуу КРнын Ок атуу федерациясына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кыргызстандык спортчу Имандос Бектенов ок атуу боюнча Дүйнө Кубогун жеңип алды. 

Белгилей кетсек,, ок атуу боюнча кезектеги Дүйнө Кубогу быйыл 10-18-февраль күндөрү Испаниянын Гранада шаарында өтүүдө. 

Ага ата мекендик спортчуларыбыз да катышып жатышат жана кечээ, 14-февралда Имандос Бектенов эркектер арасында тапанчадан ок атуу боюнча ийгилик жараткан.
Ал тандап алуу оюндарында 572 упай чогултуп финалга жетсе, ал эми чечүүчү таймашта триумф жараткан. 

“Мындай укмуштуудай жетишкендик Имандостун чеберчилигин гана баса белгилебестен, ошондой эле улутубуз үчүн сыймыктануунун булагы да болуп саналат. Куттуктайбыз!”,- деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

Ссылка: https://barometr.kg/imandos-bektenov-ok-atuu-boyuncha-djn-kubogun-zhedi



Добавить комментарий