Ажырашууга аз калганын кантип түшүнсө болот?

6 октябрь 2022 09:05 10062 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк адамдар үй-бүлөдө конфликт абалында жашайт. Канчалык логикага сыйбаган көрүнүш болсо да окумуштуулар 60 пайыз нике биргелешип жашоого болгон күчү менен аракет кылган, конфликт менен жашай берген жубайлардан турарын изилдешкен.

Мындай конфликттер кээде никелешүүнүн биринчи күндөрүндө эле башталса айрымдары 2-3 жылдан соң башталат. Көп учурда аялдар сүйүүнү сактап калыш керек деп аракет кылышат. Мамилелерди тезирээк оңдоонун үстүндө иштебесе жубайлардын никеси ажырашууну көздөй бара жатканын кантип билүүгө болот?Бул тууралуу психологдун маалыматына таянуу менен barometr.kg сунуштайт.

1.Көңүлүн табам деп көзүн кароо

Эгерде сиздин нике жаныңыздагы жубайыңыздын, жолдошуңуздун көңүлүн табам деп көзүн карап жана “өзүмдү ага жагыш үчүн өзгөртүшүм керек” деген тырышкан аракеттен туруп жатса, анда аны акыры бир күнү куткарууга болбой кала турганын эске алыңыз.

Бул үчүн жаныңыздагы адам менен эмес же мамиле менен эмес, өзүңүздү сыйлоонун үстүндө көп иштешиңиз керек болот. Анткени мамиледе өзүн мындай курмандык кыла берген адам  башка адам менен мамиле түзгөндө дагы ушул эле моделди кайталай берет.Албетте курмандык болуп жаткан адам никеде көбүрөөк жабыр тартат жана ажырашуу деген нерсе кайсы бир учурда бат эле болуп кетиши мүмкүн.

2.Никеге сиз гана кызыкдар болуп жатсаңыз  

Урушкан кезде бир тарап эле кечирим сураса, бир тарап эле күнөөлүү боло берсе, болгон жарашуу тууралуу демилелер дагы бир тараптан эле чыга берсе бул никенин бекем болушу кыйын. Жөнөкөй айтканда 5 кадамды сиз жасап, 5 кадамды ал жасап турганда гана мамиле болуп жатат деп эсептөөгө болот.Бир эле адам кайыктын калагын шилтей берсе алыска узай албасыз.

3. Ыңгайлуулуктун жоктугу 

Жубайынын жанында адамга ыңгайлуу болуш керек. Баардык тараптан. Болбосо аялдар күйөөсүнүн зомбулугуна чыдап эл эмне дейт деп ажырашпай канчалаган жылдары өтүп кетет. Эркектер да ушундай эле абалда калышат.Бири-бирине ыңгайлуулук түзө алган жубайлар гана бир чатырда жашай алышат. Эгерде мамилелер ыңгайсыздык жаратып жаткан болсо бул никенин ажырашуу коркунучу жогору.

Ссылка: https://barometr.kg/azhyrashuuga-az-kalganyn-kantip-tshns-bolot



Добавить комментарий