Ажырашуудан кийин эске ала турган 3 нерсе

22 февраль 2023 13:57 7245 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдарды ажырашуу маселеси абдан капалантат. Кимдир-бирөө жылдар бою жабыркап жүрө берет.Бирок психологдор “убакыт баарын дарылайт” деп жүрө берүүнүн ордуна ажырашкан адамдар төмөнкү үч нерсени эсине алгандары дурус деп эскертишет. Алар тууралуу barometr.kg төмөндө жазды.

Сиз конкреттүү адамды эмес, конкреттүү сезимдерди сагынып жатасыз

Биринчиден түгөйлөр бири-бирин жоготкондон эмес, сезимдери жоголгондон улам кабатыр  болушат.

Биз мисалы, кайсы бир кийимди же буюмду сатып алганда ал үчүн кубанычта болобуз. Ал кымбат баалуубу же жокпу баары бир кубанычтуу сезимдер жүрөктү ээлеп алат.

Адамдын мээси дагы мамилени дал ушундай кабыл алат.Биз жакыныбыздын өзүн эмес, анын жанында болгон сезимдерди эстейбиз. Анан калса убакыттын өтүшү менен жаман таарынычтар менен эскерүүлөр жоголуп кетет. Жана түгөйүңүздүн жакшы жагын гана көбүрөөк эстеп аласыз.Ошол эле маалда чатак унутулат.

Мээ дал ушундай кабыл алат.Ошондуктан ажырашуу процессинде идеалдаштыруу жүрөт. Дал ушул нерсе адамды кое бердирбей артка тартат. Ошондуктан бул алдамчы сезим экенин билүү керек.

Сиздин жашооңуздагы жалгыз адам эмес

Ажырашкандан кийин бул эркек же аял сиздин жашооңузда акыркы адам болуп калат деген сезимден дагы арылуу керек. Жашоодо миңдеген, жүздөгөн сизге ылайык адамдар бар, болгону сиздин мээңиз бул вариант татаал жана кыйын деп ойлоп алат.Баардыгы сүйүүдөн улам ажыраша албай кыйналып жатам деп ойлоп калышат. Чындыгында бул невротикалык көз карандылык. Өзүн сыйлаган адам туура эмес мамилелер үчүн өзүн тебелетпейт.

Көп күчүм кетет 

Албетте адам баарын унута салып эле башка нерсеге көчүп кеткендей робот эмес жана ажырашуу чыны менен эле кыйын стресске кабылтат.Бирок кайсы гана ажырашуу болбосун бул өзү менен өзү иштөөгө түртө турган жагдай. Эмне үчүн андай болгонун талдап чыгуу керек.

Сүйүү бул, кыйналуу же жабыр тартуу эмес.Сүйүү бул адамдан адекваттуу аракеттерди талап кыла турган мамиле.Ошондуктан баарын талдап чыгуу керек да, алдыны көздөй аракет кыла билүү зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/azhyrashuudan-kijin-eske-ala-turgan-3-nerse



Добавить комментарий