Азербайжан: Согуш башталды. Армениянын 500дөн ашуун жоокери жана согуштук техникалары жок кылынды

28 сентябрь 2020 09:34 1417 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Армения Тоолуу Карабактагы жаңжал учурунда 550дөн ашуун аскер кызматкерин жоготту. Жок кылынган оппоненттердин санын Азербайжан тарап айтып чыкты. Бул тууралуу Интерфакс-Азербайжан агенттиги жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Согуш аракеттеринин жүрүшүндө Армениянын аба-чабуул батальонунун командири подполковник Лерник Бабаян өлтүрүлүп, анын кол алдындагы аскер бөлүгүнүн өздүк курамы оор жоготууларга учурады.

"Душмандардын армиясында жаракат алгандардын саны көп болгондуктан, аскердик госпиталдарда жана жарандык ооруканаларда орундар жетишсиз, ошондой эле кан борборлорунда кан запасы жетишсиз", - деп айтылат Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда армян тарап өз армиясынын чыныгы жоготууларын элден жашырып жатат деп айтты.

“Чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, Армениянын куралдуу күчтөрү 28-сентябрь күнү аймактагы салгылашуу учурунда олуттуу жоготууларга учурады. Азербайжан армиясы душмандардын 22 танктын жана башка оор брондолгон техникасын, “OСA” абадан коргонуу тутумунун 15 бирдигин, 18 учкучсуз учакты, 8 артиллериялык орнотмону, 3 ок-дары кампасын жок кылды”, -деп билдирди Азербайжандын Коргоо министрлиги.

Өлкөлөр ортосундагы жаңжалдын жаңы курчушу 27-сентябрда эртең менен белгилүү болгон. Азербайжан менен Армения чыр-чатакты күчөттү деп бири-бирин айып жатышат.

Эске сала кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргоп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/azerbajzhan-sogush-bashtaldy-armeniyanyn-500dn-ashuun-zhookeri-zhana-sogushtuk-tehnikalary-zhok-kylyndy



Добавить комментарий