Азамат Сагындык уулу Бишкектин вице-мэри кызматынан бошотулду

3 сентябрь 2021 13:18 737 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сагындык уулу Азамат бүгүн, 3-сентябрда Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Сагындык уулу жер, шаар курулуш жана архитектура боюнча маселелерди тескеп турган. 25-июлда коррупция беренеси боюнча айыпталып Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/azamat-sagyndyk-uulu-bishkektin-vice-meri-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий