Аюудан чыккан чуу. Ырчы Асель Кадырбекова күйөрмандарынын талоонунда калды

10 январь 2020 14:58 15537 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова күйөрмандары арасында жол тандабас ойнотуу боюнча тарткан видеосу коомчулуктун сынына кабылды. Андыктан ырчы терс пикир жазып жаткандарга жооп берүүгө аргасыз болду.

Белгилей кетсек, эстрада ырчысы жеке белектерин ойното турганын айтып, цирктин ичинен аюу, маймыл жана крокодилди видеоролигине тарткан. Кадырбекованын мындай аракети интернет колдонуучулары арасында чоң талаш тартышка жем таштады. Айрымдары ырчы жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылды деп айыпташты.

Ырчы Instagram баракчасы аркылуу күйөрмандарына кайрылып, ал жаныбарларды кескилеп өлтүрбөгөнүн жазды. 

"Элдер эмне болуп жатасыңар!? Мен аларды өлтүрүп, же эксплуатациялап жаткандай жазасыңарда. Мен бул жаныбарларды көргөн да эмесмин. Тартылып туруп эле кетип калгам. Мен даяр видеону алдым", — деп жазды ал.

Кадырбекова андан сырткары жаныбарларды коргоп чыккандар эмне үчүн цирктеги айбанаттарга кейибей турганын сурады.  

"Цирк менен деле активдүү күрөшпөйт белеңер? Мага ушул суроого жооп бергиле. Болгону таш бараңга оңой алчу кишини тааптырсыңар. Акмактык! Эгер сиз жаныбарлардын коргоочусу болсоңуз мага эмес, цирк менен зоопаркка жазыңыз", — деди ырчы.

Ошентсе да ал видео үчүн кечирим сурап, кишилерди адамкерчиликтүү болууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/ayuudan-chykkan-chuu-yrchy-asel-kadyrbekova-kjrmandarynyn-taloonunda-kaldy



Добавить комментарий