Аянттагы кагылышуудан бир адам каза болуп, 13ү оор абалда реанимацияда жатат

6 октябрь 2020 10:35 891 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаанын, Ала-Тоо аянтында 5-октябрда болгон кагылышуу учурунда жаракат алаган бир адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин таңкы саат 08.00дөгү маалыматы учурунда кабарланды.

“Аянтындагы митинг учурунда башынан оор жараат алган бир адам каза болду”, -деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катары эле жалпы 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилди. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жаткан. 13 киши оор абалда реанимацияда жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ayanttagy-kagylyshuudan-bir-adam-kaza-bolup-13-oor-abalda-reanimaciyada-zhatat



Добавить комментарий