Аялыңыз төшөктө кимди жана эмнени ойлоп жатканын билгиңиз келсе...
Аял качан да болбосун аял, башкача айтканда анын сыры көп. Элүү жыл бирге түтүн булаткан күнү дагы анын сырын билбей жүрүшүңүз мүмкүн. barometr.kg бул сырларды издегенге аракет кылып көрдү.
Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, көп аялдар төшөккө жатып алып дагы ойлонгонду жакшы көрүшөт экен. Алар кимди жана эмнени ойлойт кеп кезеги ошондо болсун.
Көпчүлүк аялдар төшөктө жатып алып буларды ойлошот экен.
“Ал (күйөөсүн) эмне кылып жатат, уктадыбы уктаган жокпу? Аа уктаган окшойт, коңурук тарта баштады. Мейли эс алып алсын, мен деле чарчадым... Эртең эмне иштесем экен? Балдарга таң эртең менен эмне бышырып берем? Мектепке эмне алып кетишет? Кийимин дайындап коюш керек эле? Дем алыш күнү баарын дайындап койсом болмок. Сериалды көргөнгө үлгүрүш керек” деген сыяктуу ойлорду ойлошот. Жаңы төрөгөн аялдар кичинекей баласын эстеринен эч чыгарбайт. Айрыкча бала ошол күнү чыргоолонуп, тамагын жакшы ичпей, ооруп жаткан болсо андай аялдан жакшы төшөк лазатын күтпөй эле коюңуз. Аялдардын энелик инстинкти төшөк оюндарынан ар дайым жогору экенин билиңиз.
Төшөк маалында болсо...
“Толуп кеттим, көрүп койсо кантем? Ашыкча эле арык эмесминби. Жарыкты өчүрүп салсак жакшы болмок”. Мындай ойлорду көпчүлүк аялдар ойлойт, анткени алардын көбү сырткы келбетине кам көрүш керек деп эсептешет. Айрыкча өзүндө бир кемчилиги бар деп сезген аял төшөктө дагы көп жашынат. Өзгөчө жолдошунан толуксуң, же арыксың деген кепти бир ирет болсо да уккан аял, өзүн эркин сезе албай калышы ыктымал. “Кош бойлуу болуп калсам кантем?” Бул суроо да көп аялды түйшөлтөт.
Кепти жыйынтыктап айтканда, аялдын төшөктөгү маанайына өтө көп нерселер таасир берерин изилдешкен. Албетте мунун баардык аял ойлой бербейт. Бирок басымдуу аялдар күйөөсү ага төшөктө да, күнүмдүк жашоодо дагы камкор болушун, эркелетишин, жакшы сөздөрдүн арнап турушун, сюрприз кылып белек беришин күтүшөт. Ошондо гана сизге керемет түн тартуулаганга көбүрөөк аракет кылат экен.
Ссылка: https://barometr.kg/ayalyyz-tshkt-kimdi-zhana-emneni-ojlop-zhatkanyn-bilgiiz-kelse
Добавить комментарий ×