Аялын көп жыл дүлөй-дудук болуп алдаган эркек караокеге барып айыбы ачылды

26 март 2019 11:55 7017 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Британиялык 80 жаштагы Дороти Доусон 84 жаштагы жубайы Баррини сотко берди. Көрсө абышкасы бир нече жылдан бери кулагы укпаган, таптакыр сүйлөй албаган болуп аны алдап жүрүптүр. Бул тууралуу vesti.fun маалымдады.

Жубайлар 62 жыл бирге жашап, 6 балалуу, 13 неберелүү болушкан.

Ажырашуунун себеби жөнөкөй эмес- аялдын жолдошу сүйлөй албай жаңдап, кулагы укпай калгандай түр көрсөтүп көп жыл жашаган.Болгону анын себеби-аялы менен сүйлөшүп жана анын сөздөрүн уккусу келген эмес.   

Барри Доусондун балдарынын, туугандарынын баары аны суйлөбөйт, укпайт деп ишенишчү. Жубайы менен сүйлөшүш үчүн аялы эки жыл сурдокотормо курсуна барган. Жаңы гана аны өздөштүрүп баштаганда Барри көзүм начар көрүп калды деп чыккан.

Бирок Барри кайрымдуулук кечесине барам деп коюп күнүгө караоке-барда ырдап-чоордоп жүрчү экен. Анын ырын кокустан Youtubeга жарыялап жиберишкенден кийин колго түштү.

Жубайлар сот аркылуу ажырашууда. Аялы оңбогондой сумма талап кылып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ayalyn-kp-zhyl-dlj-duduk-bolup-aldagan-erkek-karaokege-baryp-ajyby-achyldy



Добавить комментарий