Аялы жубайынын 47 баласы бар экенин укканда ажырашууга арыз берди
Reddit тармагын fedupwife1234 деген ник менен катталган аял өзүнүн жубайынын 47 баласы бар экенине даттанууда. Көрсө анын жубайы көп жылдан бери донор болуп жүргөн экен.Бул тууралуу Лента ру булагы кабарлады.
Аял жубайы экөө 8 жыл бирге түтүн булатып келе жатышканын жана жалгыз уулу бар экенин айтты. Аял күйөөсүнүн мындай хоббиси бар экенин эч качан билген эмес.
Бир аз мурда сөздөн-сөз чыгып эркек ага өзүнүн 47 баласы бар экенин айткан.
Белгилей кетсек мыйзамгы ылайык 47 бала тең 18 жашка толгондон кийин биологиялык атасы тууралуу маалымат алганга укуктуу болуп саналат.
Учурда аял ажырашууга бел байлап жатканын жарыялады.
Ссылка: https://barometr.kg/ayaly-zhubajynyn-47-balasy-bar-ekenin-ukkanda-azhyrashuuga-aryz-berdi
Добавить комментарий ×