Аялдын жактыра турганын кантип билсе болот?

15 март 2019 13:46 4043 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк мырзалар кыздардын башын айлантып алыш оңой эле деп эсептешет. Эгерде сиз жалгыз бой болсоңуз жана  өзүңүзгө ылайыктуу жубай издеп жатсаңыз, кыздарга жакпай турган төмөнкү сапаттарга көңүл буруңуз. Эгерде үй-бүлөңүз бар болуп өзүңүздү жакшы жагынан көрсөтүп, татыктуу жубай болоюн деп жатсаңыз да аялдарга жакпай турган төмөнкү сапаттарга көңүл буруңуз. barometr.kg психологдордун төмөнкү кеңештерин эске алууну сунуштайт.

1. Жуунбай, тердеп жүргөн, чачы майланышкан, кийими үтүктөлбөгөн, тишин жуубаган мырзалар аялга эле эмес эч кимге жакпайт. Ошол эле маалда одеколон буркуратып себинип алган мырзалардан дагы кыздар качышат.

2. Манерасы жок, сөгүнүп жүргөн, орой мырзалардан дагы кыздар алыс качышат.Бирок ушундай оруг-баргы мүнөзүңүздү  жакшы көрүп жаныңызга келген аял болсо анда кийин үй-бүлөдө уруш-талаш жана уруп сабоо көп болорун эске алыңыз. Себеби акылдуу аял орой эркектен адеп таанышканда эле алыс болууга тырышат.

 3. Жөндөп сүйлөй албай ар нерсенин башын чаргыган жана мактанчаак эркектер да кыздарды чочулатат.Сөз-бул эркектин интеллектинин канчалык экенин дароо көрсөтүп коючу курал. Интеллект - аялдар үчүн эң күчтүү афродизиак болуп саналат.   

4 Уят сөздөрдү сүйлөп, тийише берген мырзалар дагы айымдар арасында анча колдоо таппайт.

5. Нарциссизм- бул өзүн өзү аябай жакшы көрүүчүлүк. Ушундай мырзалар дагы кыздарды тажатып жиберет.

 6. Уялчаактык жана чечкинсиздик кыздарга таптакыр жакпайт.

Ушунун баарын окугандан кийин кантип идеалдуу болмок элем деп жатсаңыз анда токтоп ойлонуңуз! Канчалык жакшырууга умтулган сайын жакшы аял, ийгилик сизди коштойт. Ошондуктан кемчиликтер менен ар дайым күрөшүү керек.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldarga-kandaj-erkekter-zhakpajt



Добавить комментарий