Аялдар эмнеге күйөөлөрүн кызгана берет?

12 апрель 2023 10:55 9378 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялдар эмнеден улам күйөөлөрүн кызганат? Андан кантип арылса болот? Бул тууралуу психологдун сунушуна таянып "Барометр" билдирет.

Өзүнө болгон ишеничтин төмөндүгү

Аялдардын өзүнө болгон ишеничтин төмөндүгү - алардын эң негизги душманы. Көпчүлүк аялдар күнүнө кеминде он жолу күйөөлөрүнө коңгуроо чалып, телефондогу каттарын тынбай текшере берет. Мындай айымдар өзүнө ишенбеген, ичинде коркунуч сезим жашаган жана сырткы келбетине көңүл бөлбөгөн айымдар.

Менчиктөө сезими

Үй-бүлө кургандан кийин, болду ал менин жеке менчигим деген түшүнүк пайда болот. Бул да болсо туура эмес. Анткени, ар бир эркек өзүнө убакыт бөлүп өзүн кароого укуктуу. Жолдошуңузга түшүнүү менен мамиле жасаңыз. Бир күнү ал сизди түшүнсө, кийинки күнү ал сизди колдоп түшүнмөкчү.

Эмоционалдык жана сексуалдык жетишпөөчүлүк

Качан аялдарга сексуалдык жетишпестик жана ички баарлашуу жетпеген учурда, күйөөсү боюнча жаман нерселерди ойлоно берет. Мисалы: “Ал мени сүйбөй калдыбы?, Анын ойношу пайда болдубу?”-деген сыяктуу. Мындай шартта сиз өзүңүзгө таарыныч менен ачууланууну көбөйтүп алган болосуз.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldar-emnege-kjlrn-kyzgana-beret



Добавить комментарий